Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Донор мамлекеттердин элчилери кеңеш курат


БИШКЕК. Ушул жылдын 3-ноябрында донор мамлекеттердин Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн консультативдик жыйыны болот. Анда донор мамлекеттердин Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорун координациялоо, бири-бирине шайкеш келтирүү жана ак ниет башкарууну өркүндөтүү маселеси талкууланат. Андан тышкары экономикалык өнүгүүнүн 2002-жылы кабыл алынган үч жылдык стратегиясы эмдиги жылы аяктагандыгына байланыштуу алдыдагы үч жылдык стратегиянын долбоору каралат. Жыйынга донор мамлекеттердин өкүлдөрүнө тышкары эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү да катышат. Мындай маалымат бүгүн инвестиция боюнча консультативдик кеңештин катчылыгынан алынды.

XS
SM
MD
LG