Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Ооганчылар Конгресс түзүштү


БИШКЕК. Кыргызстанда Ооган согушуна жана башка коогалаңдарга катышкан ардагерлердин Конгресси түзүлдү. Аны түзүүгө «Күжүрмөн боордоштук» коомдук кыймылынын төрагасы, генерал-лейтенант Абдыгул Чотбаев демилгечи болду. Конгрессти Ооган согушуна жана башка коогалаңдарга катышкан ардагерлердин башын кошкон 43 коомдук уюм түзүп, 7-августтагы жалпы чогулушунда Уставын кабыл алышты жана төрагалыкка Абдыгул Чотбаев шайланды. Чогулушта «Алга, Кыргызстан» саясий партиясы менен кызматташтыкта жергиликтүү кеңештерге жана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого активдүү катышуу чечими кабыл алынды. Эки миңден ашуун ооганчынын башын кошкон Ооганчылар партиясына ишеним жоктугунан Конгресске кабыл алынган жок. Бул тууралуу бүгүн Аки-пресс агенттиги жазып чыкты. Ал эми партиянын төрагасы, депутат Акбөкөн Таштанбеков саясий партиянын Конгресске мүчө болушуна мыйзам жол бербестигин «Азаттыкка» ушул эле күнү билдирди. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов болсо Шайлоо кодексине ылайык Ооганчылар Конгресси коомдук уюм катары шайлоолордо үгүттөө иштерине катыша албасын билдирди.

XS
SM
MD
LG