БИШКЕК. Облусттук жана Бишкек, Ош шаардык кеңештеринин депутаттарын толугу менен партиялык тизме боюнча шайлоо тууралуу мыйзамга президент кол койбой, өзүнүн каршы пикирин парламентке жиберди. Бул тууралуу бүгүн мыйзам долбоорун кабыл алуунун демилгечилеринин бири, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, эми облусттук жана Бишкек, Ош шаардык кеңештерге шайлоо жалаң көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча жүргүзүлөт. Борборшайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында, парламент тарабынан кабыл алынган мыйзам долбоору Шайлоо кодексине каршы келгендиктен жана көпчүлүк шайлоочулардын укуктарын буза тургандыктан президент тарабынан вето коюлду. Аталган мыйзам долбоорун парламент жайкы каникулга тараар алдында кабыл алган эле.