БИШКЕК. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму эл аралык уюмдарга жана донор мамлекеттерге кайрылуу жолдоп, анда Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорун каржылоону токтотууну сунуш кылат. Бул тууралуу бүгүн уюмдун төрайымы Төлөкан Исмаилова АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында кабарлады. Анын билдирүүсү боюнча, буга «Ар намыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун түрмөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулбай жаткандыгы жана келерки парламенттик, президенттик шайлоолордун калыс өтүшүнө күнөм саноонун жогорулугу негиз берди. «Феликс Куловдун тагдыры чечилмейин шайлоолор калыс болот жана президенттикке талапкер болом дегендерге бут тосулбайт деп айтууга негиз жок», - деди Төлөкан Исмаилова. Ал эми «Ар намыс» партиясынын мүчөсү Абдысапар Баялиев партиянын саясий кеңеши бүгүн региондогу координаторлору менен жыйын өткөрүп, анда жер-жерлерде Куловдун ишине байланышкан кырдаалды элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алгандыгын кабарлады. Анын айтымында, карапайым эл Куловдун түрмөдө жаткан мезгилин сот туура санабай, ал түрмөдөн 2005-жылдын күзүндө чыгат деген чечимди атайылап чыгаргандыгынан так маалыматы жок. Ошондуктан партия кеңеши адегенде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, андан кийин саясий акцияларды өткөрүү чечимине келген.