Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:45

КАЗАКСТАН МЕНЕН СООДА-САТЫКТА ИШТЕГЕН ТАЛАСТЫКТАРДЫН ПРОБЛЕМАЛАРЫ


Машакбай Рахманкул уулу, Талас Эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-казак өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын Бишкекте 12-июлда өткөн төртүнчү заседаниесинде кыргыз тараптын өтүнүчү менен Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл-чарба азык-түлүктөрүнө Казакстандын базарларында шарттуу бааларды колдонбоого макулдашылган. Ушул макулдашуунун алкагында Талас облусунунун дыйкандары азык-түлүктөрүн Казаксатндын Тарас шаарына алып өтүүдө жана сатууда кандай проблемаларга туш болуп жатат?

12-июлдагы өкмөттөр арылык төртүнчү заседаниеде Кыргызстандын вице-премьер министр деңгээлиндеги өкүлү Базарбай Мамбетов эки элдин ортосундагы түбөлүк достук жөнүндөгү келишим президенттердин деңгээлинде гана кол коюлуп, андан төмөнкү деңгээлде ишке ашпай жаткандыгын айткан. Таластан чыга бериш жердеги кыргыз-казак "Айшабүбү", "Карахан" чек ара постторундагы абалын көрүп, иш чынында эле ошондой экендигине дагы бир жолу ынанасың. Тараска жеңил автомашина менен жашылча, жемиш, мөмө, же сүт азыктарын сатууга өтүп бараткан аялдарды алгач чек арачылар текшерет. Паспорттор жайында экендигине карабастан чек арачылар эки жүздөн төрт жүз теңгеге чейин пара сурашат. Чек арачылардан кутулган соң кезек бажычыларга тиет. Кыргызстандын бажы кызматынан алынган декларацияны Казакстандын бажычылары карап да коюшпайт. Бир жеңил автомашина үчүн тариф миң теңгеге чейин. Бажычылардан соң карантин кызматына кезек келет. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциянын Таластагы уюму берген "Фито" санитардык сертификатты да, карантинди карап көрүү боюнча актыны да казак туугандар өзүңөрдүн керегиңерге жумшагыла деп көңүл бурушпайт экен. Алардын тарифи да эки жүздөн төрт жүз теңгеге чейин. Ушундай үч катар тонолуудан өткөн соң кабарчы экендигимди айтып, чек ара айыл чарба азык-түлүктөрүн алып өтүүнүн мыйзамдуу жолдору туурасында айтып берүүсүн өтүнгөнүмдө, жогоруда сөз кылган үч кызматтын кызматкерлери жетекчилер өздөрү жооп берсин деп баш тартышты.

Чек арадагы жекече иликтөөлөрдүн ырас экендигин Тарас шаарынынын базарында мөмө жемиштерин сатып отурушкан таластык дыйкан аялдар ырасташты. Талас районундагы Козучак айылынан келишкен Уулбү Керимбаева менен Калича Турдуматова мындай дейт:

- Казак менен кыргыздын ортосундагы Талас облусу жалаң Жамбул менен оокат кылабыз. Жемиштерибизди Жамбулга алып барып сатабыз, ал жактан азык-түлүктү алабыз. Жолдо келатканда Кыргызстандын деле, Казакстандын деле бажылары, чек арчылары, карантини акча, кагаздарды сурап өткөрбөйт көбүнчө. Бербесең кууп жиберет. Айла жок беребиз. Ошол акчабыз чыкса чыгат, чыкпаса банкрот болуп калабыз.

- Кошумчалап кетейин, биз Таластан бул жерге жемиш алып келебиз. Ошол жемишке да көп акча сурашат. Чек арачылар мурда 50-100 теңге эле алчу, эми 400 теңге, бажычылар 1000 теңге алышат. Бала-чакабызды кантип багабыз билбейбиз, заман мындай болсо.

Өткөн жылдын жаз айларында Талас жана Жамбул облустарынын жетекчилери Казакстандын Тарас шаарында таластык дыйкандар үчүн "Тажыбай" базарынан атайын орун бөлүштүрүп берген. Эки тараптуу макулдашууга ылайык таластык дыйкандар менен фермерлер Талас шаарына алып келип жаткан айыл чарба азык түлүктөрү жүктөлгөн автотранспорт эч тоскоолдуксуз "Тажыбай" базарына жетип алууга шарт түзүлөт дешкен. Бирок ал макулдашуу кагаз жүзүндө калып, карапайып калк жогоркудай кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө.

XS
SM
MD
LG