Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Ташкенде согушкер деп шектелгендердин соту улантылды


Сот быйыл марттын аягы менен апрелдин башындагы жардырууларга катышы бар делген 15 айыпкердин үстүнөн жүрүп жатат. Батыш маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, кечээ күбө катары көрсөтмө берген 40 адамдын көпчүлүгү соттон айыпкерлерди өлүм жазасына кесүүнү суранышты. Күбөлөрдүн арасында жардыруулардан каза тапкандардын туугандары, кесиптештери да болду. Расмий маалыматтар боюнча марттын аягы менен аптерлдин башында Ташкенде жана Бухарадагы жардыруулардан 47 адам, анын ичинде 10 милиция кызматкери каза тапкан. Өзбек бийликтери бул үчүн ислам экстремисттерин айыптаган эле. Соттолуп жаткан 15 адам коюлган айыптарды моюнуна алган. Укук коргоочулардын ишениминде, алар буга кыйноонун аркасында барган болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG