Алар Израил "Хамас" уюмунун жолбашчыларынын бири Ахмед ал-Жабаринин үйүнө урган соккудан улам мерт болгон. Үй ээсинен башка дагы бир нече киши жаракат алган. Израил армиясы "Хамастын" лидерлеринин бирин бутага алганын ырастап, бир чабуулду кандай жол менен жасаганын айткан жок. Ал эми "Хамастын" согушкерлеринин билдиргенине караганда, үй башкаруучу снаряд менен атылган. Кечээ Израилдин өкмөтү Иордандын Батыш жээгинде жөөт тургундары үчүн дагы 1000дей үй куруу жөнүндөгү планды жактырды. Палестин тарап муну сынга алууда. Ал эми АКШ пландын чоо-жайын иликтеп жатканын билдирди.