Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Баткендин борборуна жаңы мектеп качан курулаары дагы эле белгисиз


БАТКЕН. Облустук билим берүү башкармалыгынан 18-августта алынган маалыматка караганда, Баткен шаарында калктын кескин көбөйүп кетиши жаңы мектеп куруу зарылдыгын шарттоодо. Бирок,облус борборуна 840 орундуу жаңы мектеп куруу маселеси акыркы 2-3 жылдан бери көтөрүлгөндүгүнө карабай чечилбей келет.Мектептин жетишсиздигинен улам облус борборундагы эки мектептин башталгыч класстарында 35-40 окуучу билим алууга аргасыз. Баткен өзүнчө облус болгондон бери шаар калкы эки эсеге көбөйгөн. Маселен, облус түзүлгөнгө дейре мурдагы Баткен айыл өкмөтүнүн аймагында 11 миңдей адам жашаган болсо, азыр 14 миңге жеткен. Ал эми учурда облус борбору Баткенде 22 миңге чукул адам жашайт.

XS
SM
MD
LG