Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Шайлоо комиссия курамына оппозициячыл маанайдагы партия өкүлдөрү кирбей калды


БИШКЕК. Жалалабад облусундагы Аксы районунун шайлоо комиссиясынын курамына бир дагы саясий партия өкүлдөрү кирбей, эч бир партияда турбаган жалаң гана өкмөтчүл маанайдагы атуулдардан түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн «Асаба» партиясынын Аксы районундагы өкүлү Дилбар Момункулова, «Эрк» партиясынын мүчөсү Калык Маткеримов жана «Коммунистер» партиясынын аталган райондогу мүчөсү Алик Нарбаев маалымдашты. Алардын айтымында, буга чейин аталган партиялардын райондук шайлоо комиссиясына кирүү тууралуу арызын райондук кеңештин өкүлдөрү «туура эмес» деп кабыл албай коюшкан. Ал эми ушул эле күнү Аксы райондук кеңештин төрагасы Эргешаалы Озекеев Аксы райондук кеңештин 18-августта өткөн сессиясында райондук шайлоо комиссиясынын курамы бекитилгендигин жана документтери туура эмес болгондуктан бир дагы саясий партия өкүлдөрү шайлоо комиссия курамына киргизилбегендигин маалымдады.

XS
SM
MD
LG