Орто мектептер жаңы окуу стандартына өтөт
БИШКЕК.Кыргызстандын жалпы билим берүүчү орто мектептери эмдиги окуу жылынан тарта сабактарды жаңы окуу стандарттарынын негизинде өтүшү керек. Билим берүү министрлигинин башкы адиси Фариза Солтогулованын айтымында, жаңы окуу стандарттары ушул жылдын сентябрынан тарта иштелип чыгат. Азыр аны даярдоочу жумушчу топ түзүлүп, курамына билим берүү академиясынын окумуштууларынан тышкары орто мектептердин мугалимдери дагы тартылып жатат. Сабактарды окутуунун жаңы стандарттарын иштеп чыгуу зарылдыгы болсо өткөн жылы кабыл алынган «Билим берүү» жөнүндөгү мыйзамга ылайык жана окутууну эл аралык нормаларга шайкеш жүргүзүү талабынан улам пайда болду. Окутуунун буга чейинки стандарты 1995-жылы бекитилген. Адистердин баамында, азыр алардын айрымдары толук жаңыртылат же өзгөртүлөт.