БИШКЕК. Кыргызстандын Конституциясынын 8-беренесине ылайык аскер, ички иштер, улуттук коопсуздук, юстиция жана сот органдарынын кызматкерлеринин партияга мүчө болуусуна жана кандайдыр бир саясий партияны колдоп чыгуусуна жол берилбейт. Буга байланыштуу «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы кыргыз коомчулугуна билдирүү таратып, аскер адамдарын жана тартип коргоо органдарынын кызматкерлерин саясаттан тышкары болууга үндөдү. Мындай билдирүү Кыргызстандын Улуттук гвардия жетекчиси Абдыгул Чотбаевдин Ооган жана башка коогалаңдарга катышкан атуулдардын 43 коомдук уюмун бириктирип, ардагерлер конгрессин түзүүсүнө байланыштуу жасалды. Эскерте кетүүчү нерсе, 17-августта айрым жергиликтүү басылмалар Улуттук гвардия жетекчиси Абдыгул Чотбаев Ардагерлер конгрессин түзгөндүгү жана аталган конгресс жергиликтүү жана Жогорку кеңешке депутаттарды шайлоого «Алга, Кыргызстан» партиясы менен билгелешип катыша тургандыгы жөнүндө кабарлашкан.