Ал Түндүк Корея жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун белгиледи. "Менимче, бул өтө өндүрүмдүү жолугушуу болду. Мен бул жерге келе жатканда, Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөр жарга такалып калгандай сезилген, азыр эми аларда кандайдыр жылыш болот деген үмүт пайда болду", - деди Александр Даунер. Шейшембиде Бэйжиндеги сапары маалында Даунер Пхеньян өзөктүк курал жасоо аракетин токтотсо, бул өлкө алдында эбегейсиз мүмкүндүктөр ачыларын билдирген. Австралия – коммунисттик Түндүк Корея менен дипломатиялык алакаларын сактап калган бир ууч өлкөлөр катарына кирет.