Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Дагы 3 грузин аскери Грузия-Түштүк Осетия чатагынын курмандыгы болушту


Тбилиси сепаратисттик Түштүк Осетия менен соңку куралдуу кагылышууда дагы үч грузин аскери курман болуп, бешөө жараат алганын билдирди. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин өкүлү өткөн түнү Түштүк Осетиянын Сарабук айылынын жанында атышуулар болгонун кошумчалады. Эки тарап бири-бирин озунуп ок ачты деп күнөөлөп жатышат. Грузиянын коргоо министри Гиоргий Барамидзе чатактын ырбашына 3-бир кызыкдар тарап катышып жатканын кыйытты. "Ал жерде атайын бир күчтөр бар, сепаратисттер грузин аскерлерин өлтүргөн ал күчтөрдү көзөмөлдөй албайбыз деп жатышат. Биз ошол күчтөрдү талкалоого даярданып жатабыз". Кечээ Грузиянын президенти Михаил Саакашвили кризисти жөндөөгө жардам сурап, эл аралык коомчулукка кайрылган. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түштүк Осетия чатагы эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсүнө муктаж эмес деген пикирин айтты.

XS
SM
MD
LG