Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:41

Ирактын утурумдук коргоо министри Нажафта чечүүчү салгылаштар болорун эскертти


Полиция жана оорукана өкүлдөрү Ирактын Мосул калаасындагы базарда минометтук чабуулдан беш киши өлүп, 20дай адам жараат алганын маалымдашты. Кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз. Кут калаасындагы атышууларда да төрт ирактык набыт кетип, төртөө жарадар болгону кабарланды. Ирактын борбордук бөлүгүндө польшалык аскерлер жайгашкан жай минометтук чабуулга кабылып, эки аскер жараат алышты. Нажафта коалициялык күчтөр менен шийи жоочулары ортосундагы салгылаштар уланууда. Ирактын утурумдук коргоо министри Хазим аш-Шаалан согушкерлер бир нече саат ичинде багынып бербесе, эч убакта эстен чыккыс сабак аларын эскертти. "Кудайга шүгүр, биздин аскердик даярдыгыбыз аяктап калды, жакынкы сааттарда чечүүчү уруштар башталат", - деди Ирактын коргоо министри. Нажафтагы кандуу кагылышууларга эки апта болуп калды. Багдадда чогулган 100дей делегат Ирактын утурумдук Улуттук жыйынынын мүчөлөрү үчүн добуш берүүдө.

XS
SM
MD
LG