БИШКЕК. Азия өнүктүрүү банкы 2005-2006-жылдары Кыргызстанга жеңилдетилген кредит жана кайтарымсыз грант түрүндө жалпы суммасы 40 миллион доллардык жардам берет. Мындай чечим аталган банктын директорлор кеңешинин шаршемби күнкү отурумунда кабыл алынды. Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ашраф Маликтин айтымында, мындай каражат айыл чарбасын колдоого, жакырчылыкты жоюуга арналган долбоорлорго жумшалат. Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкы менен 1994-жылдан баштап кызматташып келет. 2004-жылдын соңуна карата Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан жалпы суммасы 535 миллион 900 миң доллардык кредит, 31 миллион доллар грант алган.