Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Кыргызстан СSAC программасын начар аткарууда


БИШКЕК. Кыргызстандын мамлекеттик ишканаларында структуралык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү максатында кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банк биргелишип түзгөн СSAC программасы начар аткарылууда. Тагыраак айтканда, соңку мезгилдери Кыргызстандын энергетика тармагын реформалоонун төртүнчү этабын турмушка ашыруу жана «Кыргызгаз» ишканасын менчиктештирүү кечеңдөөдө. Ошондуктан, Дүйнөлүк банктын жетекчилиги мамлекет башчы Аскар Акаевге 5-августта кат жолдоп, программанын аткарылбай жатышын тактап берүүнү өтүнгөн. Өкмөт башчы Николай Танаевдин айтымында, эгерде Кыргызстан СSAC программасын аткарбай турган болсо, Дүйнөлүк банк бул программанын алкагында Кыргызстанга 17 миллион 800 миң доллардык кезектеги траншты бербей калышы ыктымал. Буга байланыштуу өкмөт башчы Николай Танаев бүгүн СSAC программасынын аткарылышы боюнча атайын жыйын өткөрүп, өкмөт мүчөлөрүнө энергетика тармагын менчиктештирүүнүн IV этабын ишке ашыруу боюча жакынкы аралыкта депутаттар менен тыгыз иштешүүнү тапшырды. Эске сала кетүүчү нерсе, Жогорку Кеңештин кош палатасы жайкы эс алууга кетээр алдында энергетика тармагын реформалоонун IV этабына кирген «Түндүк электр» ишканасын менчиктештирүү тууралуу мыйзамга каршы болуп, маселени кароону күзгө жылдырышкан.

XS
SM
MD
LG