Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Түштүк Осетияда жаңы куралдуу кагылышуулар чыкты


Грузиянын курамындагы Түштүк Осетия жумуриятында жаңы куралдуу кагылышуулар болду жана Грузиянын кээ бир аскерлери чыгарыла баштады. Президент Михаил Саакашвили сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, грузиялык аскерлер Цхинвали шаарынын айланасындагы тоолорду өз көзөмөлүнө алганы тууралуу билдирди: "Ал тоолорду биз үч тараптуу бейпилдик күчтөрүнө өткөрүп берүүгө даярбыз. Андан тышкары, грузин айылдарын коргоп, провокациялардын алдын алуу үчүн жана бейпилдик күчтөрүндөгү квота эрежелерине ылайык, 500 грузиялык аскер Түштүк Осетияда калыш керек. Башка басылып алынган жерлерди дагы бошотуп, аскерлерди Түштүк Осетиянын айланасына чыгарууга да биз даярбыз". Осетиялык тараптын айтымында болсо, Түштүк Осетиянын аймагын анын акерлери көзөмөлдөн чыгарган жок.

XS
SM
MD
LG