Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Индиянын сүрөт көргөзмөсү ачылды


БИШКЕК. Бүгүн Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде индиялык сүрөтчү Амрито Шергилдин урматына сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө сүрөтчүнүн дүйнөлүк таанымдагы “Үч эже-сиңди” аттуу чыгармасына улай, Индиялык 50 сүрөтчү кыз-келиндин, 50 чыгармасы коюлду. Живопись багытындагы сүрөт көргөзмөсү “Индия фестивалы” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы Индия элчилиги менен өкмөт алдындагы маданият жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү комиссиясы тарабынан уюштурулган.
Индиялык сүрөтчү кыз Амрито Шергил 16 жашында Париж шаарынан сүрөт өнөрүн өздөштүрүп, мекенине барып бир катар чыгармаларды жараткан. Жаңыдан дүйнөгө атагы чыга баштаган сүрөтчү кыз 28 жашында кайтыш болгон. Анын дүйнө салышы Идия элинин оор жоготуусу катары бааланып, индиялык чыгармачыл кыз-келиндердин үлгү алуучу улуттук сүрөтчүсүнө айланган.

XS
SM
MD
LG