Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:58

Баткен, Талас, Жалалабад облустарында шайлоо комиссияларынын курамдары бекитилди


БАТКЕН. Шайлоо кодексинин жоболоруна ылайык шайлоо комиссияларынын курамы саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана мамлекеттик муниципалдык кызматтардын өкүлдөрүнөн тандалды. Шайлоо комиссияларынын курамына негизинен "Алга Кыргызстан", "Адилет", "Кыргызстан коммунисттери" жана "Эл эне" саясий партиялардын өкүлдөрү кирди. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо облустагы 185 участкалык шайлоо комиссияларынын 169 да өтөт. Ал эми жаңыдан түзүлгөн жана бөлүнгөн беш айыл өкмөттүн аймагындагы он алты шайлоо участкасында депутаттарынын мөөнөтү бүтө электигине байланыштуу шайлоо өткөрүлбөйт. 10-октябрда өтүүчү бул шайлоодо облус боюнча жергиликтүү кеңештерге 555 депутат шайланат.

ТАЛАС. Облустагы төрт райондук, бир шаардык округдук шайлоо комиссиялардын жети адамдан турган курамдары бекитилди. Орундар мыйзамга ылайык саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, шайлоочулардын өкүлдөрүнө теңме-тең бөлүндү.
Таласта 105 миң чамалаш шайлоочу бар экендиги болжолдонууда. Алар 111 шайлоо участогунда добуш беришет. Депутаттар облустагы 35 айыл кеңешине шайланат. Ал эми Карабуура районундагы Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринде шайланган депутаттардын мөөнөтү али аяктай элек. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жантөш Жусупбековдун айтымында, 10-октябрь күнү көп мандаттуу 120 округдан 514 депутат шайланышы керек.

ЖАЛАЛАБАД. Облуста он эки округдук комиссия шайлоону уюштурууга расмий укук алды. Комиссиялардын 96 мүчөсүнүн 56 сы эмгек жаматынан, 23 саясий партиялардан, 11 коомдук уюмдардан. Комиссия мүчөлөрүнүн 26 пайызын мамлекеттик кызматкерлер, 27 пайызын аялдар түзөт. Тогузу "Алга Кыргызстан", жетөөсү "Адилет", төртөө "Атамекен" партиясынан. Округдук комиссия курамына кирүүгө саясий партиялар 32 мүчөсүн сунуш кылышкан.

XS
SM
MD
LG