Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Репрессия курмандыктары эскерилди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөгү жаткан «Атабейит» комплексинде митинг-реквием өттү. Бул иш чарага Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов, маркумдардын туугандары, жакындары катышты. Атабейит көрүстөнүндө кыргызстандык 138 адамдын сөөгү жатат. Алардын арасында 19 улуттун өкүлү бар. «Эл душманы» деген жардык менен бул адамдар 1938-жылдын 5 жана 8-ноябрында Аламүдүн районундагы Чоңташ айылынын жанындагы тоо этегинде атып өлтүрүлүп, көмүлгөн. Репрессия курмандыктарынын сөөктөрү 1991-жылы табылып, кайра жерге ызаат менен берилген жана бул жайга Атабейит ысымы ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG