БИШКЕК. Бүгүн Чолпоната шаарында Орусиянын «Бирдиктүү электр системасы» акционердик коомунун башчысы Анатолий Чубайс менен Кыргызстандын премьер министри Николай Танаев «Камбарата-1 жана Камбарата -2 курулушун бүткөрүү долбоорун ишке ашырууга биргелешип даярдык көрүү тууралуу» меморандумга кол коюшту. Ушул эле жолугушуунун алкагында Орусиянын «Бирдиктүү электр системасынын» «Интер» жабык акционердик коомунун башчысы Евгений Дот менен Кыргызстандын «Электр станциялары» акционердик коомунун башчысы Сагынбек Дордоев «Шериктештик түзүү жөнүндө» келишимге кол коюшту. Бул келишимдин алкагында «ЗАО Интер» менен «Электр станциялары» Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтеринин курулуштарына байланышкан бардык уюштуруу иштерин аткарат. Курулуштардын техникалык-экономикалык негиздерин даярдоо да ушул ишканалардын милдетине кирет. Ал эми ноябрь айында Орусия менен Кыргызстан «Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтеринин курулушун соңуна чыгаруу боюнча кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө» макулдашууга кол коюлат. Бул тууралуу ушул эле күнү Анатолий Чубайс менен Николай Танаев журналисттерге билдирди. Алардын айтымында, Чолпонатада кабыл алынган бул эки документ Камбарата-1 жана 2 ГЭСтери боюнча жүргүзүлүп жаткан бир жылдан берки сүйлөшүүлөрдүн тыянагы болуп калды.