Адамзат тарыхында таланттар арбын учурап, табият ыроологон касиеттүү кубулуштун маани-маңызы аңтарыла изилденген. Адатта талант бир тукумга бир ирет ыроолонуп, ал урпактарга келгенде эс алат деп коюшат. Бирок теңдешсиз талант ээси, улуу манасчы Тыныбектин уулу Актандын атасынын жолун улап, комуз десе комуз чертип, кенже эпосторду айтып, ал түгүл этнографиялык баалуу эмгектерди жазып салышы, окумуштуулар айткан жогорку жобону жокко чыгаары шексиз.
Актан Тыныбек уулу Нарын облусуна караштуу Терекбулак айылында 1887-жылы жарык дүйнөгө келген. Анын атасы улуу манасчы Тыныбек 1900-жылы дүйнөдөн кайтканда, Актан атасынын айткандарын жадында сактап калгыдай жана анын улуу манасчылыгынын учун улагыдай эс тартып калган убагы болгон. Кийин ал 1938-жылдын 25-октябрында атасына арнап "Тыныбектин тарыхы" деген баалуу эмгек жазган.
Актан Тыныбек уулунун өзү жазган өмүр баянында, улуу инсандын эмгек чыйыры мындайча саймедирленет:
"Мен болсо ошол 1900-жылы 13 жашымдан тарта комуз үйрөнүп жүрүп, 18 жашымда Муратаалы, Калык, Куйручук, Карамолдолорду көрдүм. Ошондон тартып комузчу болуп келдим. 1923-жылда советтик облсполком болуп иштедим. 1928-жылдан 1931-жылга чейин волостук табарышыстыба болуп иштедим. 1932-жылы башкарма болуп колхоздо иштеп туруп, 1933-жылдын аягынан тарта Нарын районунда радиотүйүнүндө,1935-жылдын 1-мартынан Кыргыз театрында иштеп, 1936 жылдын октябрь айынан тартып, 1946-жылга чейин Кыргыз филармониясында иштеп турдум."
Биздин каарман 1951-жылдын 5-ноябрында дүйнөдөн кайтканга чейинки кыска өмүр жолунда, советтик кызматтан тарта маданият ишмерине чейинки өнөр өргүткөн кызыктуу өмүрүн кечирген. Актан Тыныбек уулу жараткан "Эр Табылды" дастаны жана "Кыргыздын улуттук оюндарына" окшогон көөнөргүс чыгармалары кыргыз улуттук маданиятынын алтын казынасы болуп эсептелээри шексиз.