Эки айча мурун Монголияда парламенттик шайлоо өткөрүлгөн эле. Анда бийликтеги Элдик революциячыл партия менен Атамекен демократиялык альянсы теңме тең чыгып, коалициялык өкмөт түзүлгөн. Эми Атамекендин лидери Тцакьягиин Элбегдорж өкмөт башчылыкка дайындалды, мурдагы премьер Намбарын Энхабьяр болсо параламенттин спикери болуп калды.