Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Өкмөт шайлоону уюштуруу тууралуу токтом чыгарды


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү шаардык, поселкалык, айылдык кеңештерге шайлоону уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан жабдуу чаралары жөнүндө токтом чыгарды. Бул токтом президент Аскар Акаевдин шайлоону белгилөө тууралуу жардыгын ишке ашыруу иретинде чыкты. Токтом шайлоону уюштурууну, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүүнү, материалдык-техникалык жабдууну жеринде ыкчам чечүүнү, калк арасында түшүндүрүү иштерин натыйжалуу жүргүзүүнү камсыздоо максатын көздөйт. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

XS
SM
MD
LG