Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Кулов президенттикке күчтүү талапкерди колдойт


БИШКЕК. Келерки президенттикке талапкердигин коеру болжолдонгон саясатчылар арасында «Арнамыс» партиясынын учурда түрмөдө отурган лидери Феликс Кулов колдой турган салмактуу талапкер бар. Бирок, анын атын атоо азыр эртелик кылат. Мындай пикирин Кулов «МСН» гезитине 20-августта берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, мындай көз карашка Сокулук райондук сотунунун саясатчынын жаза мөөнөтүнө байланышкан акыркы чечими эч кандай таасир эте албайт. Феликс Кулов эгемендик жылдарынын башындагы президенттик шайлоо учурда президент Аскар Акаевдин, 2002-жылкы президенттик шайлоодо Өмүрбек Текебаевдин талапкердигин колдогон. Ал эми курамына «Арнамыс», «Эл», «Социалисттик Атамекен», Социал-демократтар партиялары кирген элдик конгресс акыркы бир жыл ичинде 2005-жылкы шайлоого талапкер катары Феликс Кулов менен Алмаз Атамбаевди көрсөтүшөрүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG