Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Грекиялык машыктыруучунун иш кеңсесинде наркотиктер табылды


Афинанын полициясы жеңил атлетика боюнча белгилүү машыктыруучу Кристос Цекостун офисинен 1400дөй мыйзамсыз наркотиктер менен тыюу салынган дары-дармектер табылганын кабарлады. Цекос – Олимпиадага катышпай калганын жарыялаган Грекиялык алдыңкы жөө күлүктөр Константинос Кентерис менен Екатерина Танунун тренери болчу. Бул жаңжалдардан улам Грекиянын улуттук олимпиада тобунун башчысы отставкага кетерин билдиргенде, бийликтегилер оюндар аяктаганча иштей турууну суранышты. Дүйнөлүк мелдешке катышып жаткан спортчуларды наркотикалык заттарга текшерүүдөн Орусиялык оор атлетчи Альбина Хомич, Индиялык штангачы айым Санамача Шану жана Өзбекстандык спортчу Ольга Шукина өтпөй калганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG