Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:51

Багладеште оппозициячыл партиянын демонстрациясындагы жардыруулардан жети киши набыт болду


Бангладештин борбору Дакада оппозициячыл партиянын демонстрациясы маалында бир нече жардыруулар болуп, 7 киши шейит кетип, 70тей адам жараат алышты. Жардыруулар оппозициячыл Авами лигасынын лидери, мурдагы премьер-министр Шейх Хасина Вайед айым өзү жетектеген партия кеңсеси алдында коомчулукка кайрылып жаткан чакта орун алып, жакын турган машинелер өрттөнүп, бир нече имарат жаракаланганы маалымдалды. Шейх Хасина айым бутунан жеңил жараат алганын анын кеңешчиси билдирди. Авами лигасы Бангладеш өкмөтүн кылмыштуулукту ооздуктай алган жок деп сынга алууда.

XS
SM
MD
LG