Исламабаддын өкүлдөрү Пакистандын куралдуу күчтөрү Ооганстан менен чектеш чөлкөмдө "Ал-Каидага" байланышы бар козголоңчуларга чабуул койгонун маалымдашты. Түштүк Вазиристан чөлкөмүндөгү ал уруштарда, Пакистандын коргоо министрлиги билдиргендей, бир нече чет элдик согушкер өлтүрүлүп, дагы бир канчасы жараат алышты. Аскердик операция маалында согушкерлердин курал-жарак, кийим-кечеги сакталган жай табылганы кабарланды. Бул чабуулдар 9-июнда Пакистан армиясынын кайгуул жайына кол салынып, 14 аскер кызматкери өлтүрүлгөндөн кийин башталган. Өткөн айдын ортосунан бери өлкөдө "Ал-Каидага" тиешеси бар деген шек боюнча 60тан ашуун адам кармалды.