Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:37

Судан өкмөтү менен Улуттар уюму качкындарды үйлөрүнө кайтаруу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту

Судан жана Бириккен улуттар уюму Дарфур чөлкөмүндөгү кагылышуулардан улам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон 1 млн дон ашуун адамды өз ыктыяры менен мекенине кайтаруу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Судандын тышкы иштер министри Мустафа Осмон Исмаил билдирди. 30-июлда Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Суданга - 50 миңдей африкалыктарды өлтүрүп, 1 млн дон ашуун кишини качкынга айландырган араб согушкерлерин куралсыздандыруу жана бозгундарды үйлөрүнө кайтаруунун коопсуздугун шарттоого 1 айлык мөөнөт берген. Судандын министри согушкерлер акырындап куралсыздандырыларын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG