Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Жалалабадда сарык, ичегарын оорулары күчөп жатат


ЖАЛАЛАБАД. Облустун Аксы, Базаркоргон, Токтогул жана Ташкөмүр шаар, райондорунда жугуштуу сарык оорусу былтыркы жети айдан 20% көбөйдү. Ичеги-карын ооруларына 12% адам ашыкча чалдыккан. Ич өткөк жана ичеги-карын кесели Майлысуу, Ташкөмүр шаары менен Алабука, Аксы райондорунда жүрүүдө. Сузак районунда бир үйбүлөөдөн ууланган алты кишиден, төрт жашар бала көз жумду. Уулануу жакшы бышырылбаган тамактан келип чыккан. Бул тууралуу билдирген облустук санитардык эпидемиологиялык станциянын аныктоосу боюнча, жугуштуу оору таза суу менен камсыздоонун начардыгынан жана санитардык эрежелердин сакталбагандыгынан чыгууда. Облустун 26% калкы таза сууга муктаж.

XS
SM
MD
LG