Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Баткен облусу менен Өзбекстандын чектешкен чегара тилкесинин канча чакырымы минадан тазалангандыгы тууралуу так маалымат жок


БАТКЕН. Ишемби күнү облустук бийликтин жана Баткен чек ара бөлүгүнүн өкүлдөрү Өзбекстандын куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан мина тазалоо иштеринин жүрүшү тууралуу кабар алуу максатында, Өзбекстандын Сох районундагы чек ара бөлүгүнүн жетекчилиги менен жолугушту. Анда Сох чек ара бөлүгүнүн жетекчилиги мина тазалоо учурда Сох району менен Баткендин Төрткүл айыл өкмөтүндө жүрүп жатканын, бирок аны 1999-жылы чек араны миналаган 25 адамдан турган атайын топ жүргүзүп жаткандыктан бул иш боюнча эч кандай маалыматы жоктугун айтышкан. Ошондой эле кыргыз тараптын ушул күнгө дейре канча мина алынганы, канча чакырым чек ара тилкеси минадан тазаланганы тууралуу суроолору да жоопсуз калган. Өзбек тараптын маалыматына караганда, 16-августта мина тазалоо иштери сентябрь айынын аяк ченинде соңуна чыгат. 1999-жылы Баткенге кол салган куралчан топторго каршы күрөшүү учурунда өзбек тарап өзүн коргоо максатында чек арага мина койгон. Бул миналардан Баткен облусунун аймагында 14 жарылуу болуп, андан облустун эки тургуну каза таап, үчөө оор жаракат алган. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар мал-жандыгынан ажырап, жалпысынан 7 миллион сомго жакын чыгым тарткан.

XS
SM
MD
LG