Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Кыргызстандагы алдыда болуучу шайлоого БУУнун байкоочулары катышуусу мүмкүн


БИШКЕК. Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы жана эл аралык уюмдардын Женевадагы туруктуу өкүлү Муктар Жумалиев БУУнун
Женевадагы бөлүмүнүн директору Сергей Орджоникидзеге 20-августа ишеним кат тапшырды. Жолугушууда Муктар Жумалиев Кыргызстан БУУ менен байланышын активдештирип жатканын билдирген. Ошондой эле өлкөнүн ички саясатынын абалы, 2005-жылы болуучу парламенттик жана президенттик шайлоо тууралуу маалымат берген. Ал эми БУУнун өкүлүнүн айтымында, июнь айында Чолпоната шаарында өткөн «Евразия ХХI кылымда – маданияттардын диологубу же цивилизациялардын кагылышуусубу?» деп аталган эл аралык конференцияда Аскар Акаев менен болгон жолугушкан. Жолугушууда, мамлекет башчысы Кыргызстанда болуучу шайлоого БУУнун байкоочуларынын катышуусун сунуштаган. Ал сунушту Сергей Орджоникидзе БУУнун башкы катчысы Кофи Аннанга билдиргенин маалымдаган. Мындай маалыматты “Кыргызинфо”агенттиги таратты.

XS
SM
MD
LG