Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:04

ДЕН СЯОПИН БҮГҮН 100 ЖАШКА ЧЫКМАК


Кытайда бүгүн (22-августта) өлкөнүн маркум жол башчысы Ден Сяопиндин 100 жылдык мааракеси чоң салтанат менен белгиленди. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө Кытайдын президенти Ху Цзинтао Дең Сяопин ар дайым элдин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон адам болгондугун баса белгиледи. Мао Цзедундун ордуна 1976-жылы келген Ден 1987-жылы ардактуу эс алууга чыкканда, экс-президент Цзян Цземинди жана Ху Цзинтаону ордуна калтырып кеткен. 1989-жылы Тян-яньмен аянтындагы демократиялык козголоңду куралдын күчү менен баскандыгы менен да тарыхта калган Ден 1997-жылы, 92-жашында дүйнөдөн кайткан.

Кытайдын даңазалуу экономикалык реформаларынын кыбачысы. 1966-76-жылдардагы Маданий төңкөрүштө куугунтукталган миллиондогон кишини реабилитациялаган акыйкатчыл жол башчы. Аскердик пландоонун устаты. Карамдуу ата.

Ден Сяопин өзү жеке адамдын башына сыйынуучулукту жек көргөн, бирок Кытайда бүгүн мамлекеттин көзөмөлүндөгү маалымат каражаттары аны ушундайча жерге-сууга тийгизбей мактап, даңазалап жатат. Мындан тышкары Ден Сяопиндин коло эстелиги ачылды, анын ысмы жазылган алтын сааттар таркатылды, жаңы симфония аткарылды, сансыз китеп жарык көрдү.

Ооба, өлкөнүн бүгүнкү күндөгү экономикалык арышы үчүн Ден Сяопинге жана 1949-жылдан бери жеке бийлик жүргүзгөн Коммунисттик партияга ыракмат айтууга тийиш экенин 1 миллиард 300 миллион кытайга эскетип койгон ашыктык кылбайт. Бул бийлик үчүн тымызын күрөш кызып турган азыркы тапта айрыкча мааниге ээ.

"Компартиянын учурдагы башчысы Ху Цзинтао жана башка жетекчилер Ден Сяопиндин мураскору болуп көрүнгүсү келет" деп белгилейт саясий коментатор Ю Жие. Бирок бийлик тизгинин Цзинтаого өткөрүп берип, аскер башчысы бойдон калган Цзян Цземиндин сөзү да жерде калбайт сыяктанат. Буга мисал - Компартиянын басма сөз органы болгон Элдик гезит элди жолдош Ху Цзинтао баштаган компартиянын айланасында биригүүгө үндөгөн макаласында Цзян Цземинди да эки ирет эскерди.

Өткөн жумада мурдагы өкмөт башчысы Ли Пең расмий басылмалардын биринде Тяньаньмен кыргыны үчүн Ден Сяопинди күнөөлөгөн макала жазып, көпчүлүктү таң калтырды. Ушуну эсепке кошпогондо, боло жүргөндөй, маараке күнү партиянын өткөндөгү кемчиликтери, же болбосо, ашынган коррупция жана байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымдын тереңдеши сыяктуу учурдун курч көйгөйлөрү тууралуу сөз болгон жок.

Ал эми Ден Сяопиндин урук-туугандары анын өз каалоосу менен бийликтен кеткендигин баса белгилешүүдө. "Атам иштен кеткенден корккон эмес, ал жашы келип калган адамдар өзүнө окшоп создуктурбастан ардактуу эс алууга кетишин кепилдеген система болот деп үмүттөнгөн" деп айтты Дендин кызы Ден Роң мамлекеттик сыналгыдан чыгып сүйлөгөндө. Ден саясий бюронун туруктуу комитетинен 1987-жылы кетип, эки жылча армия башчысы болуп иштеген. О дүйнөгө аттанаарда анын Кытайдын Көпүрөлөр Биримдигинин жетекчилигинен башка кызматы болгон эмес. Бирок саясат таануучулар анын экономикалык реформа жүргүзгөнүнө оң баа бергени менен, ал коомдогу саясий терең кайра курууга жол бербей коюп, чоң катачылык кетирген деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG