ОШ. Ош облусу боюнча быйылкы жаңы окуу жылына карата үч жүзгө жакын мугалим жетишпейт. Айрыкча англис, орус тилдери, физика, математика жана информатика адистиктериндеги мугалимдердин жетишсиздиги, айыл мектептериндеги билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Бул маселеге арналган бүгүнкү жыйында Ош облустук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлайым Машрапова жаш адистерди айыл мектептерине тартууда жана аларды тиешелүү шарттар менен камсыз кылууда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аракет кылбай жатышкандыгын билдирди.
Мектептердеги адистердин жетишсиздиги айрыкча Алай, Каракулжа жана Чоңалай райондорунда өтө курч байкалат. "Жорж мектеп" деген аталыштагы бүгүнкү жыйында анын катышуучулары жаш адистерди айыл мектептерине тартуунун чаралары боюнча жакында кабыл алынган өкмөттүн токтомун ишке ашыруунун жол жоболорун талкуулашты. Аталган токтомдо айыл мектептерине барып иштөөнү каалаган жаш адистерге, келишимдик негизде ай сайын эки миң сомго чейин кошумча айлык акы төлөп берүү маселеси каралган.