Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

Жалалабадда кулчулукка каршы акция башталды


ЖАЛАЛАБАД. Жашоого жетиштүү каражаттын аздыгы, мыйзамдарды жакшы билбегендик жана жеңил ойлуулук айрым жаштарды сыртынан чет өлкөлөргө сатылууга мажбурлоодо. Кыргызстандын жүздөгөн кыз-келиндери Евроазия өлкөлөрүнө алданып кетип, туулган жерине келе албай жүргөндүгү белгилүү. Орусия менен Казакстанга иштегени барып, облуска кайтуунун жол-жобосун билбеген жарандар жок эмес. Мындай кокустуктардын алдын алуу үчүн облустук "Жарандык коомду колдоо" борбору баштаган акциянын алгачкысы Сузак жана Базаркоргон райондорунда өттү. Кулдукка кабылгандар укугун сактоосу үчүн адам укугун коргоочу уюмдар менен Кыргызстандын элчиликтеринин дареги бар китепчелери таркатылды. Театрлаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG