БИШКЕК. «Сентябрь айынын биринчи жарымына чейин Кыргызстанда мунайзат кымбаттабайт»,- деп билдирди “Нефтетрейдерлер” ассоцациясынын президенти Олег Забара бүгүн “Азаттыкка”. Анын айтымында, Орусияда сентябрь айынан баштап мунайзат кымбаттайт деп айтылууда. Эгер ага ылайык мунайдын баасы көтөрүлсө анда Кыргызстандын ички рыногуна да таасирин тийгизиши мүмкүн. Учурда Кыргызстандагы бензиндин 80% запасы Казакстандан, 20% Орусиядан ташылып келинген. «Эгерде Орусиянын таасири менен Казакстан да мунайдын баасын көтөрсө, анда Кыргызстанда мунайзаттын баасынын жогорулашы ыктымал»,- деди Олег Забара.