Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

«Эр айдоочу» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек деп эсептейт


БИШКЕК. Кыргызстандын чет өлкөлөрдө соода кылган атуулдары менен жүргүнчүлөрүнүн укуктарын коргоочу мыйзамдар жакшыртууга муктаж. Бул тууралуу бүгүн «Эр айдоочу» укук коргоо уюмунун жетекчиси Качкын Булатов билдирди. Муну Бишкек-Новокузнецк-Бишкек темир жол маршрутундагы поездде жүргүзүлгөн мониторинг айгинеледи. Байкоо салуу учурунда соодагерлердин 75 процентин түзгөн кыргыз, 0,5 процентин түзгөн казак жана 24 процентин түзгөн орус атуулдарынын укугу үч мамлекеттин бажы, чегара жана маңзаттар соодасына каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан басмырлангандыгы жана буга соодагерлердин укуктук жактан билимсиздиги шарт түзөөрү байкалды. Ушундан улам «Эр айдоочу» укук коргоо уюму маселени ар тараптан иликтөөнү АКШнын Улуттук демократиялык институтуна, ЕККУга жана «Фридом хауз» эл аралык уюмуна сунуштады. Андан тышкары үч мамлекеттин чегара, бажы органдарынын өз ара кызматташуусу жөнүндөгү келишимдерге өзгөртүү киргизүү зарыл деген сунушун массалык маалымат каражаттарына таратты.

XS
SM
MD
LG