Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Өкмөт кышка даярдык көрө баштады


БИШКЕК. Бүгүн Өкмөт үйүндө экономикалык тармактардын жана калктын 2004-2005-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарына арналган селектордук жыйын болду. Жыйынга тиешелүү министрликтер, комитет жетекчилери, шаар башчылары катышты. Премьер-министр Николай Танаев кышка карата даярдык солгун жүргүзүлүп жатканын билдирип, айрым мамлекеттик кызматтардын жетекчилерин сынга алды.

Жол кырсыгынын көбөйүп жаткандыгы жыйындын күн тартибиндеги экинчи маселе болду. Аны азайтуу үчүн көчө бойлорун электр жарыгы менен камсыз кылууга жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана тиешелүү министрликтер милдеттендирилди.

XS
SM
MD
LG