Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:49

Абу--Грайб чыры карала баштады


Германияда Ирак түрмөсүндөгү зөөкүрдүгү үчүн соттолуп жаткан америкалык аскерлердин иши боюнча угуу башталды. Угууда АКШ армиясынын соту АКШнын өкмөтүн Ирак түрмөсүндөгү америкалык аскерлердин мыйзамсыз иштерин иликтөөнү тездетүүгө чакырды.

АКШ армиясынын маалымат катчысы майор Эндрю Поллок кечээ Ройтерс агенттигине буларды билдирди:

- Бүгүндөн тартып эки тарап мындан аркы стратегиясын аныктоо менен алектенет. Өкмөт өз арасында сүйлөшөт, адвокаттар клиенттери менен акылдашат.

Үч эркек, бир аял сот алдында бүгүн жана эртең сурак беришет. Алар менен дагы үч аскер Абу-Грайб түрмөсүндө абактагыларга ыдык көрсөтүп, кордогону үчүн жоопко тартылууда. Айрым адвокаттар Иракка баруудан баш тарткандан кийин, сот иши Германиянын Маннерхайм шаарына которулду. Угууну 200дөй журналист чагылдырып жатат.

XS
SM
MD
LG