Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Кабулда өз алдынча түрмө иштеткен америкалыктардын үстүнөн сот иши уланды


Коргоочулар көрсөткөн видеотасмада Ооганстандын мурдагы ички иштер жана билим берүү министри, учурда президенттикке талапкер Юнус Кануни айыпталгандардын жетекчиси Жонатан Айдеманы шектүү террористтерди колго түшүргөнү менен куттуктаганы тартылган экен. Тасмада Кануни ошондой эле Айдеманын тобу менен кызматташууга убада берген. Видетасма качан тартылганы тактала элек.

Мурдатан Айдема анын ишмердигине АКШнын Коргонуу департаменти, ЦРУ жана ФБР тарабынан уруксат берилгенин далилдеген жүздөгөн документтерди жана видеотасмаларды АКШнын бийликтери жашырып, бербей жаткандыгын айткан эле.

АКШнын расмий өкүлдөрү Айдеманын ырастоосун жокко чыгарууда. Ооган атуулдарын барымтага алып, кыйнаган деген айыбы далилденсе, үч америкалык 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG