Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Нажафта салгылаш күчөдү


Америкалык аскерлер бүгүн шаардын борборуна жакын жерде, шийит динаятчысы Моктада ас-Садыр баштаган күчтөрдүн турумун согуштук учактардан жана тикучмалардан бомбалады. Шаардын эски бөлүгүндөгү Али Имамдын күмбөзүнүн айланасында жардыруунун жана атышуунун добушу угулуп турду. Нажафтык дарыгерлердин билдиришинче, эртең мененки салгылашта 15 киши окко учуп, 23ү жараат алды. Курмандыктардын саны өсүп жаткандыгы кабарланууда. Үзүл-кезил салгылаш уланууда.

Мунун алдында ас-Садырдын кеңешчиси ас-Садырдын колдоочулары жашынган күмбөздүн коопсуздугун Нажафтын диний бийликтери кепилдейт деген эле.

XS
SM
MD
LG