Орусия менен Беларус болжол менен 2006-жылдын 1-январында бирдиктүү валютага өтөт. Бул жөнүндө кечээ Россиянын президенти Владимир Путин жана Беларустун президенти Александр Лукашенко Сочиде болгон жолугушуусунда билдиришти. Президенттер эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык, бирдиктүү экономикалык аймакты түзүү жана түндүк Кавказдагы регионалдык чыр-чатакты чечүү маселелерин талкуулашты. Александр Лукашенко жакын арада Москва менен Минск Россия-Беларус союздук мамлекетин түзүү боюнча жаңы биргелешкен документти даярдашы мүмкүн деп маалымдады.