БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Телекоммуникациялар, компьютердик жана информациялык технологиялар»-«Бишкектелеком-2004» деген эл аралык көргөзмө ачылды. Аны кыргыз өкмөтү, транспорт жана коммуникация министрлиги жана «Кыргызтелеком» уюштурду. Эл аралык көргөзмөнү уюштурууга баш кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан ITE көргөзмө тобу менен анын Борбор Азиядагы өнөктөшү Iteca компаниясы жардамдашты. Көргөзмөгө жети мамлекеттин 50дөн ашуун компаниялары катышып, телекоммуникация, телерадиоберүү, Интернет, компьютердик технология, спутниктик байланыш жана коопсуздук системалары боюнча жабдууларын коюшту. Мындай эл аралык көргөзмө уюштурууга Кыргызстанда телекоммуникация жана информациялык технология боюнча эл аралык инвестициялардын келишине абалдын жагымдуулугу жана уюлдук байланыштын деңгээлинин жогорулугу шарт түздү.