Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Аксы окуясында жабыркагандардын арызы облустук сотто каралмакчы


ЖАЛАЛАБАД. 2002-жылдын 17-мартында милициянын огунан курман болгон жигиттердин ата-энелери апелляциялык арызына талаптарын канааттандырбаган Аксы райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн. Алты баланын өмүрүн кыйып, отуздан ашык адам жарадар болуп, элүүдөн көп жаран токмоктолгон окуяга эч ким жооп бербей, аларга ок аткандар жазасыз калгандыгын белгилешкен. Шейит кеткен ар бир бала үчүн Кыргыз өкмөтүнөн моралдык жана материалдык чыгым катары беш жүз миң сомдон эки жарым миллион сомго чейин каражат өндүрүп берүүнү талап кылышкан. Анткен менен жыйын-теримдин райондо башталганына байланыштуу алар 26-августтагы сотко келишпейт. Бул тууралуу 24-августта Аксы окуясында жабырлануучуларды коргоо комитетинен билдиришти.

XS
SM
MD
LG