Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Жорж Буш куттуктоо жиберди


БИШКЕК. Бүгүн АКШнын президенти Жорж Буш Кыргызстандын президенти Аскар Акаевге эгемендиктин 13 жылдыгына карата куттуктоо телеграммасын жолдоп, жалпы Америка элинин атынан куттуктады. АКШнын өкмөтү Кыргызстандын демократия менен адам укугун өнүктүрүп, мыйзамдуулукту калыптандыруу аракетин колдоорун билдирди. Ошондой эле 2005-жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоого байланыштуу Кыргызстанда ири өзгөрүүлөр менен өнүгүү күтүлүп жаткандыгын жана Кыргызстан эл аралык терроризмге каршы күрөштө АКШнын олуттуу өнөктөшү экендигин билдирди. Мындай маалыматты АКИпресс агенттиги таратты.

XS
SM
MD
LG