Качкындар лагеринин 55 миңге чамалаш тургундары - Судандын Дарфур чөлкөмүндө жергиликтүү араб куралдуу топторунан ыдык көргөн кара түстүү калк. Британ тышкы иштер министри Жек Стро Дарфурдагы гуманитардык кризисти жөнгө салуу ишинде айрым оң жылыштар бар экенин, бирок али көп нерсе жасалыш керектигин белгиледи. Жек Стронун айтымында, ал эми Судандагы визити жөнүндө БУУнун башкатчысы Кофи Аннанга отчет берет.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Судандын өкмөтүнө эгер ал ушул айдын аягына чейин Дарфурдагы кырдаалды жеңилдетпесе, чара көрүлөрүн эскерткен.
Былтыртан бери бул жерде араб согушкерлери 50 миңдей адамдын өмүрүн кыйып, бир миллиондон ашуун киши үй–жайынан безүүгө мажбур болгон.