Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:29

Украина көз карандысыздыгынын 13 жылдыгын белгиледи


Башкалаа Киевде көз карандысыздык күнүнө байланыштуу аскерий парад өткөрүлдү. Президент Леонид Кучма майрам алдындагы телекайрылуусунда Украинанын максаттары катары Европага интеграцияланууну, Орусия менен туруктуу жана достук алака түзүүнү атады.

Кучма ошондой эле 31-октябрга белгиленген президенттик шайлоо демократиялык нукта өтөөрүн убада кылды. Бирок эл аралык укук коргоочу уюмдар шайлоо жараяны бир катар мыйзам бузуулар менен коштолуп, маалымат каражаттары президент Кучма өзүнүн мураскору кылып тандаган талапкер, премьер- министр Виктор Януковичке жан тартып жатканын эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG