Орусия армиясынын генерал-майору Иля Шабалкиндин билдиргенине караганда, операция кечээ кечинде чечен башкалаасы Грозныйдын сыртында өткөрүлгөн:
- Жок кылынган бандиттерден тышкары бир нече шектүү адам да кармалды. Алар азыр көрсөтмө беришүүдө. Уруш болгон жерден он автомат, бир пулемёт алынды.
Алдыдагы жекшемби күнү Чеченстанда президенттик шайлоо болгону жатат. Анда республиканын азыркы ички иштер министри, Кремль колдогон талапкер Алу Алханов жеңип чыгары күтүлүүдө. Бүгүн Европа кеңеши Чеченстанга шайлоо алдында өз делегациясын жиберерин маалымдады.