Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:35

Ооган президентинин Исламабаддагы иликтөө мекемесинде сүйлөбөй калышы коопсуздукка байланыштуу эмес


Исламабадда иш сапары менен жүргөн Хамид Карзай Стратегиялык изилдөөлөр институтундагы бүгүнкү жолугушууга капыстан келбей калган эле. Пакистан тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Карзай сөзүн коопсуздук жүйөсүнөн эмес, башка жолугушууларга байланыштуу токтотконун билдирди. Ал эми кечээ Пакистан президенти Первез Мушараф менен кездешкен соң тараптар ачык-айрым сүйлөшүү өткөргөнүн белгиледи:

- Биз жакшы, бир туугандар жана достор катары сүйлөштүк. Биз өлкөлөрүбүз ортосундагы бир туугандык мамилени, террорчулукка каршы күрөштөгү биримдикти ырастадык.

Ал эми Пакистан президенти Первез Мушараф анын өлкөсү исламчыл согушкерлердин Ооганстанда октябрда өтүүчү президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуусуна жол бербесин белгиледи.

Хамид Карзай шайлоодогу атаандаштарынын он экисинин баарына тең мүмкүнчүлүк түзүү үчүн ушул шаршембиге чейин кызматтан чегинүү жөнүндөгү чакырыгын бүгүн четке какты.

XS
SM
MD
LG