АКШнын аскерий сотун Дональд Рамсфелдден көрсөтмө алууга Ирактагы Абу-Грейб түрмөсүндө укук бузганы үчүн айыпталган америкалык аскерлердин адвокаттарынын бири чакырган. Ирактын Абу-Грейб түрмөсүндө камактагыларды кордогону үчүн күнөөлөнгөн америкалык 4 аскердин иши боюнча баштапкы соттук угуу учурда Германиянын Мангейм шаарындагы америкалык аскерий базада өткөрүлүүдө. Бирок аскерий сот жетиштүү негиз жок деген жүйөө менен адвокаттын өтүнүчүн кабыл алган жок.
Айыпталып жаткандардын бири, сержант Жавал Дэвистин адвокаты Пол Бегриндин айтымында, АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд түрмөдөгү укук бузуулардан кабардар болгон:
- Менин турумум, коргоочулар тобундагылардын баарынын туруму - сержант өз демилгеси менен эмес атайын кызматтардын, граждандык адистердин, өкмөттүк агенттердин көрсөтмөсү менен аракеттенген.
Ирактын Абу-Грейб түрмөсүндөгү укук бузуулары үчүн америкалык жети аскерге айып коюлган. Алар түрмөдөгүлөрдү кордоп жатканын көргөзгөн сүрөттөрдүн быйыл апрелде ачыкка чыгып кетиши эл аралык коомчулуктун да сынын жараткан болчу.